» Бир баладан- бир көчөт» жалпы республикалык демилгесинин экинчи баскычын утурлай …
29-октябрь күнү Бүткүл республикалык «Бир баладан- бир көчөт» акциясынын экинчи баскычынын алкагында №30 Атайын жардамчы мектебинде мектебинде эне-аталардын жана жалпы жамааттын демилгеси менен мектептин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишембилиги болуп өттү.
Ишембиликке ата-энелер түрдүү көчөттөрдү жана гүл отургузуу үчүн гүл челектерден бери алып келип, билим уябыздын жана шаарыбыздын жашылдандырылыша жигердүү салым кошушту.
Көчөт отургузуу ишине 8-9 класстын окуучулары, мектеп администрациясы жана жалпы педагогикалык жамаат катышты.
Бул иш-чара билим уябыздын, дегеле шаарыбыздын жашылдандырылыша жана көрктөндүрүлүшүнө кошулган чоң салым болгонун баса белгилеп кетмекчибиз!
Комментарии