ДЕНЬ ГОСУДАРСТВЕННОГО ЯЗЫКА
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жѳнүндѳ» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Комментарии