«Келечек муунду туура кесипке багыттоо»
28-октябрь күнү №4- кесиптик лицейинде №30 Атайын жардамчы мектебинин окуучулары үчүн кесип тандоого багытталган атайын иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында 8-9 класстын окуучулары үчүн лицейдеги түрдүү кесиптер тууралуу окуу жайдын окутуучулары тарабынан пайдалуу маалыматтар берилди. Бул маалыматтар окуучуларыбыздын келечектеги кесиптерин тандоосунда чоң салым кошту десек жаңылышпайбыз.
Бул маанилүү иш-чараны уюштурган №4 — кесиптик лицейинин жалпы жамаатына- мектеп администрациясынын жана ата-энелеринин атынан ыраазычылыгыбызды билдирүү менен, кесиптик лицейлер менен мындан ары да иштетүүгө даяр экенибизди билдирип кетмекчибиз!
Комментарии