Манас- кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы
Манас- кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы.
КРда 2015- жылдын 27-апрелинде /259 токтомунун негизинде Маданият Маалымат жана Туризм Министрлигинин ж.о.э өлкө парламентинин демилгесинин негизинде 4 — декабрь Манас күнү деп кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты- манас эпосун сактоо, жайылтуу, изилдөө жана өнүктүрүү жана манасчыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мына дал ушул себептен, жыл сайын 4-декабрь — Манас күнү белгиленип келет. Ушул күндүн урматына бүгүн 5- декабрь /30 Атайын (жардамчы) мектебинде «Манас эпосу» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны жооптуу мугалимТаалайбек к Чынара алып барды.
Иш-чарада ыр- бийлер жана Манастан үзүндү айтуулар болду. Андан тышкары башталгыч класстар сүрөт конкурсу, жогорку класстар дубал газетасына активдүү катышышты.
Комментарии