Жолдо жүрүүнүн эрежесин сактайбыз!
Бүткүл Дүйнөлүк » KIDS ROAD SAFETY » аттуу демилгесинин алкагында, 28 -октябрь күнү » TOYOTA компаниясынын алдында иш алып барган ОсОО Автоцентр «Перекрёсток» компаниясы №30 Атайын жардамчы мектебининин окуучулары үчүн «Жолдо жүрүүнүн эрежелери» жөнүндө атайы программа даярдап, билим уябыздагы окуучуларга кызыктуу программа көрсөтүштү. Программанын жүрүшүндө балдар үчүн мультфильм көрсөтүлүп, интерактивдүү оюндар ойнотулду. Программанын соңунда ар бир окуучуга кызыктуу боечу китепчелер таратылды. Китепчеде жолдо жүрүү эрежелери тууралуу эң керектүү маалыматтар кызыктуу оюн түрүндө берилгенин баса белгилеп кетүү зарыл.
Айта кетчү жагдай, окуучуларыбызга абдан кызыктуу жана керектүү программа болду. Ошол себептен, балдар үчүн кызыктуу программаны даярдап, анын жүрүшүндө балдарга жеткиликтүү кылып айтып берген алып баруучулар — Самохвалова Юлия жана Гладкова Евгенияга, ошону менен катар эле келечек муун үчүн кам көрүп, ушул иш-чараны уюштурган ОсОО Автоцентр «Перекрёстоктун» жетекчилигине жана жалпы жамаатына мектеп администрациясынын жана эне-аталардын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз!
Комментарии