«5-март -Ак калпак күнү»
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29- июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Майрамга утурлай 30 Атайын (Жардамчы ) мектебинде Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Иш — чара ыр, бийдин коштоосунда улуттук баалуулугубуз болгон калпактын баалуулугун даңазалоону колго алды.
Ала- Тоо сымал ак калпак,
Канча доор сүрүп жашады.
Калпактай таза ыйманын.
Калкыбыз таза сактады. — демекчи, бул иш-чарада жаш муундарга улуттук нарк- насилибизди унутта калтырбай өткөрүп берүүгө далалат жасалды.
Майрамды утурлай ар бир кыргыз мырзасына ар дайым Ак калпак башынан түшпөй дайыма намыстуу болуусун тилемекчибиз!
Комментарии