Жалпы республикалык ишембилик
8-октябрь жалпы республика аймагында жарыяланган ишембиликтин алкагында, Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу номер 30- Атайын ( жардамчы) мектебинде да ишембилик кызуу жүрдү.
Ишембиликке эмгек жамааттан 37 мугалим, мектеп администрациясынын толук составынан тарта жана жумушчуларыбыз да шаарыбыздын тазалыгына жигердүү салымын кошушту.
Бишкек шаарына, дегеле айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталаарын баса белгилөө менен шаар тургундары катары бул масштабдуу ишембиликте четте калбай, жарандык активдүүлүктү эмгек жамааттын ар бир мүчөсү көрсөтө алды!
Комментарии